Тазабек Икрамов: "Биринчи фейк-аккаунттарды иретке келтирип алсак"
Бүгүн, 30-январдагы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттарына карата мыйзамдан мурун фейктерди жолго салып алуу сунушталды. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.
Ал мыйзам бузган же туура эмес маалымат тараткан ЖМКлар азыркы мыйзамда деле жоопко тартыларын белгиледи.
"Мен билгенден журналисттер, ЖМКлар туура эмес маалымат таратса жоопко тартылып эле келе жатат. Бүгүнкү күндө интернетте фейктер жалган маалымат таратып жатышат. Биз биринчи ушуну жолго салып албайлыбы", - деди эл өкүлү.
Ал өзү жөнүндө интернетке тараган маалыматтарды дагы фейк-аккаунттар таратканын айтты.
"Мен жөнүндө дагы бир топ каралоо, уят кылайын деген маалыматтар болду. Бул маалымат сайттардан чыккан жок. Бул социалдык тармактарда жүзүн жашырган фейк-аккаунттардан тарады", - дейт Икрамов.
Мындан тышкары, Икрамов сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда ЖМКлардын эркин иштөөсүнө жана сөз эркиндигине карата тоскоолдук жарата турган чаралар бар экенин белгилеп, каршы добуш берерин айтты.
Өз кезегинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга карата өзүнчө мыйзам иштелип жатканын билдирди.


1 |