"ГАЗ, Нива". Владимир Путин унаалары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарды
Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн кирешеси жана мүлкү тууралуу декларация жарыялады. Тиешелүү маалыматтар Орусия БШКсынын расмий сайтында жайгаштырылган.
Документке ылайык, мамлекет башчысынын карамагында үч жеңил унаа бар. Алар: 1960-жылы чыгарылган ГАЗ М21, 1965-жылы чыгарылган ГАЗ М21, ошондой эле 2009-жылы чыккан Нива жана 1987-жылы чыгарылган "Скиф" автомобиль чиркегичи.
Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчысы биринчи унаасы тууралуу маалыматты ачыктаган. Анын айтымында, бул университеттин биринчи курсуна киргенден көп өтпөй болгон. Саясатчы анда энеси лотереядан Запорожец унаасын утуп алып, ага бергенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.