Мындан ары мамлекеттик ипотекалык үйлөр жарандардын баарына берилет. Президент жол-жобосун түшүндүрдү
Мүмкүнчүлүгү бар жарандар үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттар түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анда мамлекет башчы "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктын максаттарын түшүндүргөн. Ошол эле учурда өлкө аймагында ипотекалык негизде курула турган жана курулуп жаткан үйлөрдүн даректерин жарыялады.
Жапаров батирдин жарым баасын төлөгөн жаран эки жыл ичинде үйлүү болот жана калган баасын 10-15 жылда төлөөгө мүмкүнчүлүк ала турганын билдирген.

Бишкек шаарында:
- Скрябин көчөсү, 45-45а – ар бири 15 кабаттан турган 7 үй, жалпы 549 батир бар;
- Чыңгыз Айтматов көчөсү, 102/1-2 – ар бири 18 кабаттан турган 6 үй, жалпы 620 батир бар;
- Кубанычбек Маликов көчөсү, 91 – 28 кабаттуу 11 үй, 24 кабаттуу 17 үй, 18 кабаттуу 11 үй, жалпы 5050 батир бар;
Ош шаарында:
- Набережная көчөсү, 3 – ар бири 9 кабаттан 2 үй, жалпы 192 батир бар;
- аэропортко кеткен жол – ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир бар;
Жалал-Абад шаарында:
- Курманбек көчөсү, 135 – ар бири 9 кабаттан 7 үй, жалпы 639 батир бар;
- Манас көчөсү, 144 – ар бири 9 кабаттан 6 үй, жалпы 450 батир бар;
Сузак районунда:
- Ленин айылы, Н. Порошай көчөсү – ар бири 9 кабаттан 4 үй, жалпы 945 батир бар;
- Сузак айылы, Юнусов көчөсү – ар бири 5 кабаттан 7 үй, жалпы 240 батир бар;
Нарын шаарында:
- Молдоев көчөсү – ар бири 9 кабаттан 4 үй, жалпы 216 батир бар;
Талас шаарында:
- ар бири 9 кабаттан 9 үй, жалпы 504 батир бар;
Чолпон-Ата шаарында:
- ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир бар;
Каракол шаарында:
- Кусеин Карасаев көчөсү – ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир бар;
Баткен облусунда:
- Ак-Сай, Кулунду айылдары – 76 жер там.
Мамлекет башчы бул жаатта суроолор болсо, Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылууга чакырды.
Компаниянын дареги: Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспектиси ½. Телефондору: 0772 98 89 01, 0552 98 89 01 же болбосо 0553 98 89 01 (вотсап). Сайты — www.gik.kg





