ӨКМге заманбап техникалар тапшырылды (сүрөттөр)












Бүгүн, 30-январда Турдакун Усубалив атындагы аянтта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин катышуусунда ӨКМге атайын техникалар тапшырылды.
Иш-чараны Бообек Ажикеев ачып, министрликке болгон колдоо үчүн мамлекет жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, Ташиевге сөз берди.
УКМК төрагасы мурун аталган министрликте министр болгонун айтып, ал учурда заманга ылайык техникалар болбогонун белгиледи.
"Президент Садыр Жапаров, минстрлер кабинети куткаруучуларды дагы өзгөчө заманбап техникалар менен камсыздоодо. Анын алкагында бүгүн 28 техника жана куткаруу шаймандары тапшырылууда. Буга мамлекеттик бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөн", - деди Ташиев.
Ал өз сөзүндө ӨКМ соңку 3 жылда 700дөн ашуун заманбап техникалар менен камсыздалганын кошумчалады.
Бүгүнкү иш-чарада министрликке 10 БЕЛАЗ-7540В үлгүсүндөгү карьердик жүк ташуучу унаа, 10 медициналык унаа, 4 өрт өчүрүүчү жана 4 авариялык-куткаруу унаалары тапшырылды.
