Камчыбек Ташиев: "Жер титирөө болгондо айрым телефондорго билдирүү түшкөн эмес"
Жакында болгон жер титирөөдө алдын ала билдирүү iPhone үлгүсүндөгү телефондорго келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшырып жатып билдирди.
Буга байланыштуу Ташиев ӨКМге тапшырма берди.
"Жакында жер титиреп, Бишкекте 4-5 баллга чейин жеткени белгилүү. Санариптин жардамы аркылуу Android платформасындагы уюлдук телефондорго 1 мүнөт эрте билдирүүлөр келип, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган адамдардын тышка чыгуусуна мүмкүн болду. Бирок ошол эле учурда iPhone сыяктуу акыркы үлгүдөгү телефондорго билдирүүлөр келген жок. Ошондуктан ӨКМдин санариптик кызматы жасалма интеллектинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, өлкөдөгү тиешелүү компаниялар менен иштерди жүргүзөсүңөр деп ойлойм”, — деди Ташиев.
Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев министрликке тапшырылган техникаларга GPS орнотуу тапшырмасын берди.
"Ар бир алынган техникаларга GPS'тер орнотулсун. Эч ким аны жеке кызыкчылыктарына пайдаланбасын. Мамлекеттин буюмун жеке кызыкчылыктарга пайдаланууга жол берилбейт. Ошол эле учурда мамлекеттики дебестен техникаларга аяр мамиле жасагыла", - деди УКМК башчысы.
Белгилей кетсек, бүгүн Турдакун Усубалиев атындагы аянтта ӨКМге заманбап техникаларды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.
