super.kg logo

Кыяс Молдокасымов: "Сынган Кылыч" романы 5 сериалдуу тасма болуп тартылат"

 
"Сынган кылыч" романы сериал болуп тартылганы турат. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бул демилгенин ээси Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев каражат маселесин чечүүгө киришкен.
"Жакында Нурланбек Шакиев чакырып, тарыхый роман жана келечекте тартылчу көркөм тасма тууралуу кеңири сүйлөшүп отурдук. Өз сөзүн жүзөгө ашыруу үчүн катуу киришиптир.
Эң башкысы каражат маселеси чечиле баштаптыр. Бир аптага жетпей эле 50 миллион сомдун башы чечилгенин, буюрса жакынкы күндөрү 200 миллион сомго жеткирээрин чечкиндүү айтып отурду", - деп жазган тарыхчы.
Молдокасымов тарыхый романдын негизинде тартылчу тасма 5 сералдуу болорун билдирди.
"Сынган кылыч" беш сериалуу көркөм тасма болуп тартылганы калды. Сценарий жазганга, сериалды тартканга эң мыкты жазуучулар, режиссерлор, керек болсо четтен да мыктылар чакырылмай болду. Буюрса чыгармачыл топтун алгачкы отуруму февраль айында болуп, ошол жерде конкреттүү талкуу болуп, иш пландары бекитилип, алдыга көздөй кадам башталганы калды", - дейт, тарыхчы.
"Сынган кылыч" тарыхый романын Төлөгөн Касымбеков жазып, Кокон хандыгын жана ордодогу кыргыздардын ролун, Орусия империясы азыркы Орто азияны басып алышын, ага карата калктын көтөрүлүшүн усталык менен талдап, сүрөттөп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: