super.kg logo

Курманкул Зулушев былтыр прокуратурада канча кызматкер жоопко тартылганын айтты

 

Прокуратура органдарында ич ара тазалануу тактап айтканда кадрларды алмаштыруу иштери тынымсыз жүрүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кызматтык тартипти камсыз кылуу үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

"Мыйзам ченемдерди, коом жана мамлекет башчысы тарабынан коюлуп жаткан талаптарды ишке ашырууда коррупциялык көрүнүштөргө жол берген, мыйзамдарды бузган кызматкерлерден арылуу иштери күчөтүлгөн. Анткени бир кызматкер ээлеген кызматында көп жылдап отура берсе ишке жоопкерчиликсиз болуп кызматтык милдеттерин так аткарбай калат экен", - деди Зулушев.

Башкы прокурор кошумчалагандай, былтыркы жылы кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана башка прокуратура кызматкеринин кадыр-баркын кетирүүчү иштерди жасагандыгы үчүн 501 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Ал эми 10 кызматкер кызматтан алынып, 6сы кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышты.

Алардын арасында УКМК жана прокуратура дагы аныктаган фактылар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: