super.kg logo

"Болочоктогу юристтер даярдалат". Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясы түзүлдү

 

Кыргыз прокуратурасынын тарыхында алгачкы жолу Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясы түзүлдү. Академия быйыл ишке кирет. Бул тууралуу Курманкул Зулушев бүгүн, 31-январда өткөн маалымат жыйында айтты.

Башкы прокурор аталган окуу жай көзөмөл органынын кадрдык саясаттынын пайдубалын түптөө максатында, Министрлер кабинетинин токтому менен ишке ашырылганын кошумчалады.

"Бул окуу жай прокурордук кадрларды даярдоо борборунун базасында түзүлүп, келечекте республикадагы юридикалык илимдин жана юридикалык билим берүүнүн флагманы болот деп эсептейм.

Мындан сырткары, Академиянын ишмердүүлүгү практикалык дагы мааниге ээ болуп, анын базасында жаңы жумушка кабыл алынган кызматкерлерди, иштеп жаткан прокурорлордун квалификациясын жогорулатуу, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, укуктук экспертизаларды жүргүзүү иштери жүргүзүлөт", - деди ал.

Ошондой эле прокуратура органдарынын кызматтык милдеттерин жигердүү аткарылышын камсыз кылуу максатында, алардын ишине жана турмуш тиричилигине, өзгөчө жер жерлерде шарттарды түзүп берүү үчүн жана тынымсыз көрүлгөн аракеттердин натыйжасында бир катар имараттардын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Алсак, Талас облустук прокуратурасынын 2 кабаттуу имараты, Чоң-Алай райондук прокуратурасынын 2 кабаттуу 4 батирлүү имараты жана кызматтык турак жайдын курулуштары аяктап, бүгүнкү күнү иштеп баштады. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын административдик имаратынын курулуштары аяктап, бүгүнкү күнү пайдаланууга берүү алдында турат.

Жалал-Абад шаардык жана Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратуралары жаңы административдик имараттарга көчүрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: