Арстан Алайдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши эмне болду? Башкы прокурор жооп берди
Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 31-январда өткөн маалымат жыйында Арстан Алайдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши эмне болгону тууралуу айтып берди.
Зулушевдин айтымында, иш тергөө стадиясында.
"Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. ЖАКтын дарылоо мекемесинин жооптуу адамдары камера аркылуу Арстан Алайдын колуна шнур алып басып жүргөнүн көрүп, эч кандай реакция кылышкан эмес", - деди ал.
Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.
ЖАКтын маалыматына ылайык, ал 15-декабрда Кылмыш-жаза кодекстин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.
