super.kg logo

Башкы прокурор: "Көлбаевди кармоодо УКМК тараптан эч кандай мыйзам бузуу аныкталган жок"

 

Бүгүн, 31-январда Бишкекте былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын маалымат жыйыны өттү. Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирди.

Жыйында Зулушев аскер прокурору окуя болгон жерге Көлбаев каршылык көрсөтүп, жок кылынгандан кийин барганын айтты.

“Президент Садыр Жапаров “эгер мыйзам бузуу аныкталса кылмыш ишин козгоп, карагыла” деп тапшырма берген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери козголгон кылмыш иши боюнча кармоо үчүн барышкан экен.

“Каршылык көрсөтүп ошондон улам атышуу болду” дегендин мыйзамдуулугун карадык. Кылмыш ишти караштуулугу боюнча УКМКга өткөрүп бердик. Себеби, бизде азыр тергөө жок. Эгерде УКМКнын кызматкерлерине каршы иш болсо Аскер прокуратурасы тергейт. УКМК кызматкерлеринин иш-аракеттеринен эч кандай мыйзам бузуу аныкталган жок", - деди башкы прокурор.

Эске салсак, былтыр 4-октябрда Бишкекте "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев атайын операция учурунда өлтүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: