super.kg logo
  Саясат  

"Депутат протоколдук тапшырма бере албайт". Шакиев депутаттарды этият болууга чакырды (видео)

 

Бүгүн, 31-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө протоколдук тапшырма бере албай тургандыгын айтты.

Жыйында депутат Айбек Осмонов саламаттык сактоо министринин биринчи орун басарына кайрылып, дарыканаларда жаштарга психотроптук заттарды сатууну токтотуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

"Ушу менен үчүнчү жолу протоколдук тапшырма берип атам. Урматтуу төрага, сиз дагы тапшырма берип койсоңуз, катуу көзөмөл кылышсын. Республика боюнча дарыканалар текшерилсин", - деди Осмонов.

Аны Нурланбек Шакиев каралып жаткан мыйзам долбоорунун айланасында гана сүйлөөгө чакырды.

"Биринчиден, сиз башка темага өтүп кеттиңиз. Экинчиден, депутат протоколдук тапшырма бере албайт. Протоколдук тапшырманы комитет жана төрага берет. Ошон үчүн "Протоколдук тапшырма бердим" дегенде этият болсоңуздар", - деди Шакиев.

Анын алдында депутат Медер Алиев дарыканаларда күчтүү таасир берүүчү психотроптук заттар ачык сатылып жатканын сынга алган.






Жогорку Кеңеш 31.01.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: