1-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 1-февралда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5 градус,
Талас аймагында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 даража,
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…+6, күндүз +1…+6га чейин жылыйт.
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12.
Ал эми борбор калаа Бишкекте кечке жуук кар жаашы мүмкүн, туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 болушу күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.