Башкы прокуратуранын аймагында “Манас” эпосу жаңырып турат. Зулушев себебин түшүндүрдү
Бишкектеги Башкы прокуратуранын имаратында “Манас” эпосу жаңырып турат. Бүгүн, 31-январда өткөн маалымат жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев мунун себебин түшүндүрдү.
"Ар бир мамлекет өзүнүн руханий байлыгын жогору баалашы керек. Жөнөкөй адамбы, мамлекеттик кызматкерби ошону менен сугарылышы керек. Эгерде өзүңдүн улуттук баалуулуктарга, "Манас" эпосубузда патриоттуулук, эрдик даңазалашкан. Эгер жүрөгүңө сиңсе сен ошону ойлоносуң, жумушуңда, жашооңдо колдоносуң.
Тил мыйзамы кабыл алынып, бизде дагы көптөгөн кызматкерлерибиз расмий тилде жазышчу, бүгүнкү күндө 95 пайыз кызматкерлерибиз мамлекеттик тилде жазып, сүйлөп калышты.Ошондуктан бул жалпы таасир этсин, келген адамдарга, кызматкерлерге тарбиялык мааниси болсун.
Кудайга шүгүр жакшы эле натыйжасын берип жатат, уккандын баары нааразы эмес да", - деди Зулушев.
