super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров каза болду деген маалымат тарады. Тарапташтары эмне дейт?

 

Кечээ, 31-январда интернет желесинде Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров каза болду деген маалымат тараган. Анын түрмөдө асынып алганы жазылган.

Бул маалыматты "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Бек Умаралиев четке кагып, "Фейсбук" тармагында билдирүү калтырды.

«Адахан Мадумаров тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган маалымат тараткандардын жоопкерчилиги каралат",- деп жазды ал.

Эске салсак, Адахан Мадумаров былтыркы жылдын 2-сентябрында кармалган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия эл өкүлүнө коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон.

Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: