super.kg logo

Өлкөдө эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык башталды

 

Кыргызстанда эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча “Жооптуу бол!” аталышындагы бир айлык башталды. Анын алкагында 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоо аракети көрүлөт.

Маалымдалгандай, иш-чара "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.

Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1 пайызын түзгөн, ал эми рак (12,2 пайыз) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5 пайыз) болуп турган.

Бир айлыктын негизги максаты - жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу, ошондой эле бул ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу.

2022-жылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 367 миңден ашык эркек кайрылган. Алардын ичинен 79 миңи баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 3 жылда биринчи жолу кайрылышкан. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 20 пайызын түздү. Бул кампаниянын кеңири жайылышын жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Белгилей кетсек, акция биринчи жолу 2019-жылы "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: