super.kg logo
  Саясат  

Үч жашар кыздын өлүмү: Депутаттар дарыгердин үй камагына чыгарылганына нааразы (видео)

 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Камила Талиева тишин дарылатам деп каза болгон 3 жашар кызды дарылаган дарыгердин үй камагына чыгарылганына нааразычылыгын билдирди.

"Кечээ, 31-январда тишин дарылатам деп каза болуп калган 3 жашар кыздын ата-энеси президентке кайрылып, Өкмөт үйүнүн астында митингге чыгышты. Баланын өлүмү эч бир энени ыйлатпасын. Мына жакында эле шаардык сот “Анча оор эмес кылмыш” деп дарыгерди үй камагына чыгарып коюптур. Наристе өлүп жатса кантип анча оор эмес кылмышка кирет. Ошол себептен биз эне катары президенттен ушул ишти өзүнүн жеке көзөмөлүнө алып, бул маселени дыкат кароосун суранат элек", - деди Талиева.

Ал эми депутат Айбек Осмонов да бул маселе эң көйгөйлүү маселелердин бири экендигин айтып, өлкөдөгү бардык тиш дарылачу жерлердин баарын текшерип чыгыш керек экендигин кошумчалады.

Ушундай эле маселе менен эл өкүлү Кундузбек Кошалиев эгерде дарыгерлердин айлык маянасын көтөрбөсө мындай учурлар кайталана берерин айтты. Ошондой эле ал айлыктын аздыгынан дарыгерлердин көпчүлүгү эки жумушта иштеп жаткандыгын белгилеп кетти.

Эске салсак, декабрдын аяк ченинде наристенин өлүмү тууралуу маалыматты адвокат Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген. Анда ата-энеси анын тишин тазалатканы стоматологияга алып барып, наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан.
Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирип, клиника тергөө аяктаганга чейин убактылуу жабылган. Ал эми медициналык борбордун директору убактылуу иштен четтетилген.
Ошол эле учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.






Үч жашар кыздын өлүмү: Депутаттар дарыгердин үй камагына чыгарылганына нааразы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: