Дастан Бекешев: "Бишкек үч эсе кеңейсе, чыгашалар кандай болот?"
Бүгүн, 1-февралдагы Жогоку Кенештин жыйынында депутат Дастан Бекешев административдик-аймактык реформа боюнча маселе көтөрдү.
Эл өкүлү президенттин административдик-аймактык реформа боюнча чыккан жарлыгын эске салып, бир топ айылдык, шаардык кеңештердин бюджет бекитүү боюнча ыйгарым укуктары чектелип калганын айтты.
"Конституция боюнча негизи алар бюджетти карап, бекитиши керек. Бирок жарлыктын негизинде бюджетти бекитүү мэрияларга жана айыл өкмөттөргө берилген. Бул Конституция туура келбесе, анда кандай болот? Шаардык, айылдык кеңештер бюджетти бекитпесе кандай иштейт", - деди Бекешев.
Ошондой эле ал Бишкектин аймагын 3 эсе кеңейтүүнү колдой турганын айтып, бирок чыгашалар кандай болоруна кызыкты.
"Жол, тротуар, таштанды жана башка бир топ маселелер турат. Бишкек з эсе өссө, бирок анчалык киреше жок болсо, бул маселелерди кантип чечебиз", - деди эл өкүлү.
