Жол эрежесин бузгандарды видеого тартып алгандарга сый акы берүү сунушталууда

Демилгечи депутат мындай тажрыйба жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат жана жол эрежелерин бузуулар менен күрөшүүгө жарандардын активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт деп эсептейт.
Мыйзам долбооруна ылайык, жол эрежеси бузулган учурдун видео, сүрөтү болсо каалаган жаран аны жол кайгуул милициясына жөнөтө алат. Ага (жеке жак) айып пулдун 25 пайызы төлөнүп берилет. Ал эми юридикалык жактарга 50 пайызын төлөп берүү керектиги белгиленген. Бул үчүн тиркеме иштеп чыгып, сүрөт, видеону ошол жакка жөнөтүү сунушталууда. Демилгечи мындай чара "Коопсуз шаардын" камерасы жок жерлерде айдоочуларды тартипке саларын белгилеген.
Мыйзам долбоорунун милдети болуп сүрөт, видеого тартуу менен укук бузуулар жөнүндө маалыматты жыйноо, сактоо, иштеп чыгуу жана бузууларды аныктоо үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү менен байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарды сыйлоонун тартибин аныктоо саналат.
Маалым кат-негиздемеде азыркы мыйзамда жол эрежесин бузгандарды аныктоого көмөктөшкөндөргө стимул же түрткү берүүчү чаралар каралбаганы белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
Рейтинг:
0

