super.kg logo

 Бишкекте биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

 

Бүгүн, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.

Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду.

Белгиленгендей, бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.

Операция саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өттү.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: