super.kg logo

Сокулукта 42 жаштагы аял дайынсыз жоголду

 

Сокулук районунун Шопоков шаарында 42 жаштагы Наргиза Шатманалиева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, анын туугандары Сокулук РИИБге арыз менен кайрылган. Арызында алар 1982-жылы туулган Наргиза Базарбаевна Шатманалиеваны издөөгө жардам берүүнү суранышкан.

Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Өзгөчөлүгү: бою 155 сантиметр, чачы күрөң, көзү күрөң, орто дене түзүлүштө. Ал мезгилге жараша кийинген.

Урматтуу жарандар! Эгерде сизде жаран Наргиза Базарбаевна Шатманалиеванын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312 607567 (нөөмөт бөлүмү) 0558 86-14-86, 0708 86-14-86 (издөө тобу)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: