Бишкекте жаңы автобекет менен 25 жүргүнчү ташуучу компания кызматташууда





Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы автобекетте учурдун талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн 60 орундуу чоң күтүү залы, 36 орундуу чакан күтүү залы, 3 касса залы, эне жана бала бөлмөсү, сактоочу жай, диспетчердик пункт, наркологиялык бөлмө, автотранспорттук техникалык текшерүүчү жай, айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөсү, ашкана.
Автобекетке жарандарды аймактарга ташыган кичи автобустар тейленет. Бүгүнкү күндө автобекет менен 25 ташуучу компания (200дөн ашык унаа) кызматташат:
- "Вестерн Транс Сервис" ЖЧКсы - Жети-Өгүз айылы - Бишкек;
- "Токо+2 ЖЧКсы - Жети-Өгүз айылы - Бишкек;
- "Чоң Ак-Суу" ЖЧКсы - Григорьевка айылы - Бишкек;
- "Таңкы жол" ЖЧКсы - Ак Суу - Бишкек;
- ЖЧК "Жоломан" - Каракол - Бишкек;
- "Тон Бишкек" ЖЧКсы - Бөкөнбаев айылы - Бишкек;
- "ТаңкыЖол" ЖЧКсы - Ананьево - Бишкек;
- "Тамчы аэропорту" ЖЧКсы – Тамчы айылы – Бишкек;
- "Чок-Тал" ЖЧКсы - Чок-Тал айылы - Бишкек;
- "Барскон Тур Транс" ЖЧКсы - Барскоон - Бишкек;
- "Сапар Такси" ЖЧКсы – Нарын – Бишкек;
- "Босого-Транс" ЖЧКсы - Ат-Башы - Бишкек.
Маршруттук таксилер (кичи автобустар):
- "Тулпар" АК - Темир айылы, Канат - Бишкек;
- "Нурдан плюс" жеке ишкер- Каракол - Бишкек;
- "Нурдан плюс" жеке ишкер - Түп айылы - Бишкек;
- "Автомобилист" ААК – Каракол – Бишкек;
- "Селенга" ЖЧКсы - Түп айылы - Бишкек;
- "Кутту Жол" ЖЧКсы - Түп айылы - Бишкек;
- "Тулпар" ААК - Темир айылы - Бишкек;
- "Эсен Транс" ЖЧКсы - Жети-Өгүз - Бишкек.
"Ал эми аймактардан келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар уюштурулуп, аларды Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы тейлейт. Аталган каттамда №34 автобус жана №285, 221, 211, 123, 104 кичи автобустар иштейт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ошондой эле экспресс каттамдарды жана №192 автобустук каттамды ачуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, шаардын сыртына жаңы автобекеттерди уюштуруу чечими борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртуу жана автобекеттердин айланасындагы тыгын маселесин чечүүгө, экологияны жакшыртууга жана шаар тургундарына бардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.