"Таңкы 5те чыгып кеткен". Жалал-Абадда 19 жаштагы Дилфуза изделүүдө
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну Юлдашева Дилфуза Сайдуллаевна изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Дилфуза ушул жылдын 23-январында болжол менен таңкы саат 05:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери — бою 155-160 см, кашы-көзү, чачы кара түстө, сары жүздүү, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери — үстүндө ак жемпир, бутунда көгүш түстөгү бут кийим, калган кийимдери белгисиз.
Дилфуза Юлдашева тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кабар берсе болот:
102, (03748) 5 02 09, 0995 77 02 12, 0771 77 02 12.
