super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин Алматыдан жолукту. Эмнелер талкууланды?

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлады.

"Сиз менен дагы жолугуп, кыргыз-орус алакасынын актуалдуу маселелерин талкуулаганыма кубанычтамын. Оболу, жакында Москвага болгон иш сапарымда мен тарабынан айтылган кыргыз тараптын маанилүү сунуштарына кызыгууңуз жана колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биздин бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча «сааттарга сары эсеп салууга» кошумча мүмкүнчүлүк берет деп ишенем",- деди Акылбек Жапаров.

Михаил Мишустин өз кезегинде орус тарап Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин, ал ар дайым өз ара урматтоо, жакшы коңшулаштык жана ар биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделгенин белгиледи.

"Орус-кыргыз өз ара аракеттенүүсү жана соода-экономикалык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканы маанилүү. Бизде кызматташтыктын горизонтторун кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар", - деди ал.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде билим берүү, транспорт, туризм жана тоо-кен өнөр жай тармагындагы маселелерди талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: