super.kg logo

Дубайда миллион доллар уткан Кабирхан эсиңиздеби? Аргымактан допинг табылды

 

Орусияда өткөн "Дерби" турниринде экинчи орунду ээлеген Казакстандын Кабирхан аргымагынын канынан допинг табылды. Мындай маалыматты "Краснодар ипподрому" судьялар чечими таратты.

Маалыматка ылайык, турнирден кийинки текшерүүдө жылкынын канынан тыюу салынган дексаметазон табылган. Ал эми аргымактын ээси Тлек Муханбеткалиев турнирдин уюштуруучулары чоң акчалай сыйлык башка өлкөгө кетпеши үчүн аргымактын үлгүсү өзгөртүлгөн деп эсептей турганын айткан.

"Эгерде ири акчалай сыйлыктарды уюштуруучулар чет элдик катышуучуларга берилишин каалабаса, анда алдын ала турнирди чет элдик катышуучулар үчүн жабык деп жарыялоо жакшы болмок. Муну айтып жатканымдын себеби, Кабирхан дербиде жалгыз чет элдик катышуучу болгон. Мен Кабирхандын үлгүсү өзгөртүлгөн деп эсептейм. Уюштуруучулар мынчалык чоң акчалай сыйлык башка өлкөгө кетпеши үчүн колдон келгендин баарын жасашты", - деген ал.

Орусияда өткөн турнирдин уюштуруучулары Кабирхандын экинчи орунун жокко чыгарган.

Буга чейин аргымактын ээси арабдар "Кабирхан" үчүн миллион доллар сунуштаганын, бирок бул сунуштан баш тартканын айткан. 26-январда Дубайда өткөн элиталык мелдеште Кабирхан биринчи келип, өзү эле миллион доллар уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: