Акылбек Жапаров ЖЭБдеги жарылуудан улам Алматыдан Бишкекке кайтты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 2-февралда Алматыдан Бишкекке шашылыш учуп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта, Жапаровдун Казакстанга болгон сапары Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу токтотулганы кабарланат.
Ал Бишкекке учуп келген соң президенттин администрациясында штабдын жыйынын өткөрөт.
Белгилүү болгондой, кечээ, 1-февралда Акылбек Жапаров Алматы шаарына Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышуу үчүн барган.
Эскерте кетсек, 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.
Ал эми өрт саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү.
Борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.
