super.kg logo

Орусияда 100дөн ашык эмгек мигрантынын паспорттору кайтарылды

 
Орусиядагы 100дөн ашык эмгек мигрантына иш берүүчү тартып алган паспортторун кайтарып берүүгө жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна Орусияда алдамчылыктын курмандыгы болгон жана эмгек укуктарынын бузулушуна кабылган Кыргызстандын жарандарынан кайрылуулар келип түшкөн.
Ага ылайык, министрликтин Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн жана Екатеринбургдагы Башкы консулдук тарабынан берилген маалыматтын негизинде жабырлануучулар Орусиядагы "Модуль" компаниясынын жардамы менен ишке орношуп, аларга жакшы иштөө шарттарын жана айлык акыларын сунуштаган. Бирок Орусиянын аймагына келгенде ишкананын жетекчилери 100дөн ашык кыргыз жарандарынын паспортторун жана башка документтерин тартып алып, аларды оор жана кооптуу шарттарда, эмгек акысын төлөбөстөн жана социалдык кепилдиктерин бербей иштөөгө мажбурлашкан.
Буга байланыштуу алборбор жабыр тарткан жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүү үчүн ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматына тиешелүү билдирүүлөрдү жөнөттү. Натыйжада, Ички иштер министрлиги Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 1-бөлүгү "мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" боюнча кылмыш ишин козгоду.
"Борбор чет өлкөдө иштөөнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарын сергек болууга, ортомчу фирмалардын жана иш берүүчүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жана мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат. Мыйзамдуулукту борбордун www.migrant.kg расмий сайтынын Жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер– Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин тизмеси бөлүмүнөн текшерсеңиз болот
Ошондой эле "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамга жана өкмөттүн "Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык, кыргыз жарандар борбордун ишеним телефондору аркылуу чет өлкөдө ишке орношуу маселелери боюнча акысыз консультация жана маалыматтык колдоо алууга укуктуу.
+996 559 189 900
+996 224 550 332
+996 227 550 332", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: