super.kg logo

Бишкекте заманбап индия бийинин кечеси өттү

 
Кечээ, 1-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда заманбап индия бийинин кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, бул кече доктор Рекха Мехра жетектеген "Урваши" маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулган.
Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи катышкан.
"Чыңгыз Эсенгул уулу иш-чарага келген меймандарды жана көрүүчүлөрдү куттуктап, Кыргыз-Индия маданий диалогунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн элчи Арун Кумар Чаттерджи мырзага жана Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал Индиянын классикалык бийлери индия элинин маданиятынын маанилүү бөлүгү экендигин, аны менен бирге кыргыз журтчулугу индия элинин маданиятын алардын кино тасмалары аркылуу тааный тургандыгына токтолуп, эки элдин ортосундагы маданият жана искусство жаатындагы өз ара байланыштын кеңейишине жол ачып жаткан заманбап индия бий кечесинин өлкөдө өтүп жатышы ага жаркын мисал экендигин баса белгиледи", - деп жазылат анда.
Ушул эле маданий иш-чара Ош шаарында 3-февралда саат 18:00дө Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында да өтөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: