super.kg logo

Министрлик: "Бишкекте электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт"

 

Бишкек шаарына электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда "Кабар" агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Ал калкты электр энергия менен камсыздоодо эч кандай маселе жаралбай турганын айтып, кыска мөөнөттө шаардын жылуулук системасы өз калыбына келерине ишендирди.

"Калкты электр энергия менен камсыздоодо эч кандай маселе болбойт, үзгүлтүксүз берилет. Азыр биз ЖЭБден келдик. Жеринде ӨКМ куткаруучулары, ЖЭБдин кызматкерлери жана энергетиктер иш алып барып жатышат. Биз болушунча кыска мөөнөттө Бишкек шаарынын жылуулук системасын өз калыбына алып келебиз", - деди Керимов.

Эскерте кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

Ал эми өрт саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү.

Борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.

Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбор 5-7 күндүн ичинде калыбына келе турганын билдирди.

Калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өттү.






02.01.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: