super.kg logo

Бишкек ЖЭБинин аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 

Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Ал объектте катталган кырсык өлкө жетекчилигинин жана атайын кызматтардын түздөн-түз көзөмөлүндө экенин баса белгиледи. Кошумчалагандай, кырсыктын кесепеттерин жоюу жана келип чыгуу себептерин аныктоо максатында жеринде тиешелүү адистер иш жүргүзүп жатат.

"Ал эми шаарга өзгөчө кырдаал режимин киргизгенге эч кандай себеп жок. Жеринде кырдаалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү кызматтар иш алып барып жатат", - деди министр.

Эскерте кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

Ал эми өрт таңкы саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү.

Борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.

Калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: