super.kg logo

Бишкектеги ооруканаларда пландалган операциялар убактылуу токтотулду

 

Бишкектеги ооруканаларда пландалган операциялар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 2-февралда "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

"Бардык ооруканалар штаттык режимде иштеп жатат. Бирок пландуу операцияларды убактылуу токтоттук. Ооруканага жаткырууну дагы убактылуу токтотуп жатабыз. Дүйшөмбү күнү абал такталгандан кийин кадимки режимге түшөт. Амбулатордук кабыл алуу кадимки режимде иштеп жатат.

Төрөт үйлөр боюнча да маалымат топтолуп жатат. Зарыл болгон учурда төрөт үйлөрүндө электр жылыткычтарын колдонууга өтүшөт", - деди министрдин орун басары.

Бишкекте 20 оорукана бар, анын 11и улуттук, 9у шаардык ооруканалар. Алардын арасында төрөтканалар дагы бар.

Эскерте кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

Ал эми өрт саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү.

Борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.

Калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өттү.

Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: