Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болгону айтылды
Болжолдуу маалыматтар боюнча Бишкек ЖЭБдеги жарылуу 14-отканада болгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул маалымат болжолдуу гана, так маалымат комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканда берилет.
"Бизде болжолдуу маалымат ушундай. Муну такташ үчүн комиссия иштеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен себептери аныкталып, кошумча маалымат берилет", - деди Керимов.
Белгилей кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.
ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Ал эми борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.
