"Бир адам каза болуп, дагы бири ооруканада". Казакстанда кыргызстандык жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылды
Казакстандын Караганда – Балхаш трассасында кыргыз номуру тагылган эки жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалымдалгандай, кырсык кечээ, 1-февралда болгон.
"Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен болгон окуянын чоо-жайын тактап жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, кырсыктын кесепетинен бир Кыргыз жараны каза болсо, дагы бири ооруканага жаткырылган.
"Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана зарыл болгон учурда жабыркаган Кыргызстандын жарандарына зарыл жардам көрсөтүү иштерин улантат", - деп белгиленет маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.