Былтыр чет өлкөдөн 585 кыргыз жаранынын сөөгү алып келинди
2023-жылы чет өлкөдөн мекенине 585 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев 2-февралда Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында айтты.
Анда депутат Жусупбек Коргонбай уулу ар бир маркумду мекенине алып келүүгө канча каражат бөлүнөрүн министрдин орун басарынан сурады.
"Ар бир каза болгон кишинин сөөгүн алып келүү үчүн канча каражат бөлүп бердиңер? Бөлүнгөн акча сөөктү өлүкканадан алып, учакка салып, үйүнө чейин алып келип бергенге жетеби?", - деп суроо берди Жусупбек Коргонбай уулу.
"Ар бир аймакка жараша болот. Мисалы, Москвадан сөөк алып келүүгө 70 миң сом берилет. Каражат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү аркылуу которулат. Каражаттын суммасын көбөйтүү максатында токтомго өзгөртүү киргизилип жатат", - деп жооп берди Нурдөөлөт Базарбаев.
Жогорку Кеңеш 02.02.2024
