super.kg logo

Эне-Сай жаңы конушунун аймагынан ымыркайдын сөөгү табылды 

 

Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-февралда саат 17:37 чамасында милицияга Алматы көчөсү менен айланма (объездной) жолдун кесилишинде жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Тийиштүү иштердин натыйжасында 20 жаштагы К.А. аттуу жаран аныкталган. Ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде 7 айлык баланы өлүк төрөгөнүн айткан. Андан соң эмне кылаарын билбей, курбуларынын кеңеши менен баланы кутучага салып, Эне-Сай жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаган.

Учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: