super.kg logo

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу: Садыр Жапаров ооруканага жаткандарга барды 

 

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкектеги Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, жылуулук борборундагы жарылуудан жабыр тарткан кызматкерлерден кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президентке бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, зарыл болгон медициналык жардам толугу менен берилип жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өлкө башчы мунун алдында кырсык болгон Бишкек жылуулук борборунда болуп, бул жайдын авариядан кийинки абалы менен таанышкан.

Белгилей кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: