Акылбек Жапаров ЖЭБге барып, бир катар тапшырмаларды берди




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 2-февралда Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Анда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Энергетика министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ыкчам штабды жетектеп, саат 17:00гө чейин окуянын келип чыгуу себептери боюнча бардык маалыматтарды жана жылуулук электр борборунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча мындан аркы иш-чаралардын планын берүү тапшырылды.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ЖЭБдин бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо тапшырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигине ЖЭБдин жабыркаган жумушчуларына керектүү жардам көрсөтүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылса, Каржы министрлигине калыбына келтирүү иштерине зарыл болгон финансылык каражаттарды тез арада бөлүп берүү тапшырылды.
Министрлер кабинетинин башчысы учурда негизги маселе жарандардын батирлерин жылуулук менен камсыз кылуу жана мындай жагдайлардын кайталанбашы керек экенин белгиледи.
