super.kg logo

Жер титирөөдө эмне үчүн билдирүү iPhone телефондоруна келбегени айтылды. Көрсө...

 

Жакында эле болгон жер силкинүүдө iPhone телефондоруна эмне үчүн эскертүү келбегенинин себебин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев түшүндүрдү. Ал бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Алматыда өтүп жаткан “Digital Almaty 2024: Industry X” эл аралык санарип форумунун пленардык жыйынында айтты.

Касымалиев жакында өлкөдө болгон жер титирөөнүн алдында 1 мүнөт мурун Android смартфондоруна эскертүү түшкөнүн, бул кандайдыр бир деңгээлде жарандарга пайда алып келгенине токтолуп, эмнеге iPhone телефондоруна мындай эскертүү түшпөгөнүнүн себебин айтты.

"Эмне үчүн эскертме iPhone телефондоруна келген жок? Көрсө, Apple биздин өлкөлөрдү кырсыктан кабарлоо кызматы үчүн жеткиликтүү өлкөлөрдүн тизмесине киргизген эмес. Бул жөнөкөй функциядай сезилет, бирок ал адамдардын өмүрүн сактап кала алат! Бизге технологиялык компаниялар, өзгөчө Apple, Google жана Microsoft менен диалог керек", - деди ал.

Буга чейин бул суроого УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев дагы кызыгып, ӨКМга тапшырма берген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: