Тарыхый-маданий мурастарды коргоого мамлекеттик бюджеттен акча бөлүндү

Ага ылайык, “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү тууралуу” токтом кабыл алынды.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу жана пайдалануу боюнча электрондук портал түзүлүп ишке берилери айтылат.
"Тарыхый-маданий мурас объекттеринде ремонтоо-реставрациялоо жумуштары жүргүзүлөт. Мындан сырткары, археология эстеликтеринде эл аралык стандарттарга ылайык консервациялоону жана музейлештирүүнү камсыз кылуу менен археологиялык казууларды жана изилдөө иштери жүзөгө ашырылат, алардын базасында жаңы музей имараттарын куруу каралган", - деп жазылат анда.
Программаны толук ишке ашыруу үчүн анын иш-чаралар планына ылайык, өлкө бюджетинен 584 миллион 74 миң 600 сом суммасында туруктуу каржылоо каралды.
"Анын ичинде 2024-жылга – 156 миллион 935 миң 600 сом, 2025-жылга - 131 миллион 116 миң 500 сом, 2026-жылга - 193 миллион 154 миң 200 сом, ал эми 2027-жылга -102 миллион 868 миң 300 сом бөлүнмөкчү. Мындан сырткары, жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистер, эксперттерди катыштырууга шарт түзүү менен бирге демөөрчүлөрдүн, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, гранттардын каражаттары дагы тартылат", - деп жазылат анда.
Бул кадам тарыхый-маданий мурастарды сактоо багытындагы акыркы 30 жыл ичиндеги биринчи мамлекеттик колдоо болуп саналары маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.