super.kg logo
  Саясат  

Депутат Талиева Миграция министрлигин түзүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Миграция министрлигин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 2-февралда парламенттеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында айтты.

Талиева мигранттардын маселеси каралбай калганын, миграция маселесин караган өзүнчө мекеме зарыл экенин белгилеп, аны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин курамынан өзүнчө бөлүп чыгарууну сунуштады.

"Миграция министрлигин өзүнчө түзүшүбүз керек. ТИМге, ИИМге алып берип, ал эми булардын өздөрүнүн жөлөк пул жана башка көйгөйү башынан ашып атат. Мигранттарды жөн эле ары түртүп, бери түртүп жатабыз. Мамлекеттен бир дагы жардам албайбыз деп ыйлап отурушат. Эң эле жөнөкөй медициналык камсыздандыруу полисинин суммасын билбей жатасыңар. Мигранттын жашоосуна кызыгып көрүш керек да. Ушул тармакты караган өзүнчө мекеме түзүү тууралуу фракциянын чечимин өкмөткө сунуштайлы", - деди ал.









Жогорку Кеңеш 02.02.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: