"Көмүскө экономиканы жоюу үчүн салыктарды өзгөртүү жана текшерүүлөрдү азайтуу керек" деди Темир Сариев
Бишкекте бүгүн, 18-декабрда парламенттин жыйынында Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору талкууланууда. Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев көмүскө экономиканы жоюу боюнча каралган программалар тууралуу айтты.
“Азыркы тапта көмүскө экономиканын көлөмү 39-42 пайызды түзүүдө. Мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү жана текшерүүлөрдү кыскартуу менен көмүскө экономиканы жоюуну 5 жылдык стратегияга киргиздик. Мындан сырткары салыктардын түрлөрүн да өзгөртүп жатабыз. Экинчи багыт – бул көзөмөлдү жогорулатуу. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү соода-сатыктан салыктарды өздөрү чогулта ала турган өзгөртүүлөр каралды”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















