super.kg logo

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу: Түркмөнстан газ жагынан жардам берүүгө даяр экенин айтты

 

Түркмөнстан Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу Кыргызстанга суюлтулган газ түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.

Телефондук сүйлөшүүдө Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы РАшид Мередов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун тапшырмасына ылайык, Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түркмөн тарап Кыргызстанга суюлтулган газды гуманитардык жардам катары берүүгө даяр экенин билдирди.

Маектештер кыргыз-түркмөн мамилелерин стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: