super.kg logo

Бишкек ЖЭБдеги жарылууну изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлөт

 

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдеги жарылуунун алдын ала себептери такталган. Бирок өкмөттүн маалыматында кайсы себептер экени жазылган эмес.

"Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин маалыматына караганда, имараттын бузулган жерлерин калыбына келтирүүгө 100дөн ашык куруучу тартылды. Жыйында тиешелүү мамлекеттик органдарга медициналык жайларды, реабилитациялык борборлорду жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен толук камсыз кылуу сыяктуу тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жарылууну териштирүүгө көмөктөшүү үчүн Орусиядан адистер келе турганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.02.2024. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Техникалык коопсуздукту, регламентти сактабаса ушундай кырсык келип чыгат. Атамбаевке шылтай бербей, чыныгы куноонун баарын регламентти бузгандарды жазалоо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: