Бишкек ЖЭБдеги жарылуу: Өзбекстан суюлтулган газ баллондорун жөнөттү
Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Өзбекстан жардам катары суюлтулган газ баллондорду жөнөттү. Бул туурасында Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Бахтиёр Саидовдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.
Саидов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин тапшырмасына ылайык, Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өзбек тарап Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
"Өзбекстан жардам катары Андижан аркылуу Ош шаарына суюлтулган газ баллондорун жөнөттү. Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев көрсөтүлгөн жардам үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.
ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
