super.kg logo

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева Кыргызстандан кетүү ниетин билдирди

 

Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, Кыргызстандан кетүү ниетин билдирди.

"Байланышка чыгуу мага психикалык жактан кыйын болду. Соттун өкүмүнөн кийин эмне кыларымды билбей калдым. Көпкө ыйладым, кайра эле ошол коркунучтун баарын башымдан өткөрдүм. Бул трагедияга чейин мен Азамат Эстебесовго каршы көп жолу арыз жаздым. Анткени ал мага көчөдө кол салып, сабап, аңдып, коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрдү жазып, эки жолу зордуктап, бирок милиция мени өлтүргүчө, "биз эч нерсе кыла албайбыз деп айтты", - деп жазды ал.

Ошондой эле Асел Ногойбаева мурдагы жолдошу Азамат Эстебесовго 20 жыл камакта жаза өтөө мөөнөтү берилгенине нааразычылыгын билдирген.

"Сот аны өмүр бою абакка кесүү чечимин кабыл алгысы келгени менен мыйзам буга жол бербейт экен, мыйзам зордукчул тарапта болуп жатат", - деген ал.

Ногойбаева өзү жана балдары үчүн Кыргызстанда калуу кооптуу экенин, Эстебесов мунапыс менен эрте чыгып, "кайра кол салып же өлтүрүүгө аракет кылат" деп коркуп, окуяны унута албай жатканын да жазган.

Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: