Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан жабыркагандардын бүгүнкү күнгө карата абалы айтылды
Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жабыркаган эки адамдын абалы оор бойдон калууда. Үчүнчү жабыркаган адамдын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Экөөнүн денесинин 80 пайызы күйгөн. Алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми үчүнчү бейтаптын денесинин 10 пайызын күйүк алып, ал палатага жайгаштырылган. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлгөн. Бирөөсү тизесинен жаракат алса, экинчиси көмүр кычкыл газына ууланган.
Азыркы тапта ЖЭБдеги кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүүнүн аракеттери жүрүп жатат.
Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖЭБдеги абал 5-7 күндө калыбына келтирилерин билдирген.
