super.kg logo

Нурланбек Шакиев Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыркагандардын туугандары менен жолугушту

 

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркаган адистерден кабар алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага ошондой эле алардын туугандары менен жолугушуп, баарлашты. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берди.

Шакиев керектүү медициналык жардамдар толук көрсөтүлүшү керектигин белгилеп, Жогорку Кеңеш жылуулук борборундагы жагдайды жөнгө салууга багытталган аракеттерди да көзөмөлгө аларын билдирди.

Иш учурунда жабыр тарткан кызматкерлердин тез арада сакайып кетиши үчүн төраганын резервдик фондунан да каржылык жардамдар көрсөтүлөрүн кошумчалады. Муну менен катар бүгүн бейтаптарды дарылоого көмөктөшүү максатында Түркиядан атайын адистер келгенин кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: