super.kg logo

Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан жабыркаган эки адам Түркияда дарыланат

 

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келген.

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышкан. Ошондой эле анын жыйынтыгы менен дарыгерлердин кеңешмесин өткөрүшкөн.
"Этем Өзтүрк эки бейтаптын абалы оор, бирок алар эс-учунда экенин, суроолорго жооп берип жатканын белгиледи. Алардын абалын эске алсак, дарылоо узакка созулат, ошондуктан катуу күйүк алган бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн адистештирилген ооруканада дарылоо натыйжалуу болоорун белгилей кетүү керек. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган.

Азыркы тапта ЖЭБдеги кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүүнүн аракеттери жүрүп жатат.

Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖЭБдеги абал 5-7 күндө калыбына келтирилерин билдирген.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: