super.kg logo

Кыргызстанда майыптык боюнча документ алуу жөнөкөйлөштүрүлөт

 

Кыргызстанда майыптыкты күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү жана майыптык фактысын аныктоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдады.

Ага ылайык, мурда бул үчүн майыптыгы бар адамдар медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга 11 документ топтоп беришсе, эми бир гана документ – амбулатордук карта гана талап кылынат.

"Саламаттык сактоо уюмдары бардык зарыл документтерди санариптештиргенден кийин адам медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга 1 жолу гана келиши керек болот. Учурда медициналык-социалдык экспертизаны реформалоо боюнча иштер башталды.

Мындан сырткары реабилитациялоонун жекече программасына, тактап айтканда, майыптыгы барларды ишке орноштуруу, кайра окутуу, жардамдын кошумча түрлөрү менен камсыз кылуу жана башка ушул өңдүү жагдайларды аныктоо иштерине көзөмөл күчөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик 2023-2030-жылдары "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын алкагында майыптыктын медициналык модели социалдык моделге өткөрүлө турганын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: