super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдеги жумушчуларга кошумча төлөмдөрдү берүүнү тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдеги калыбына келтирүү иштерине тартылган жумушчуларга кошумча төлөмдөрдү берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Бишкек Жылуулук электр борборундагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө штаттык эмес кырдаал болгон жерге барды.

"Алдын ала баалоо боюнча от казандары жана турбоагрегаттары жабыркаган эмес жана учурда акырындык менен ишке киргизилүүдө. "Бишкекжылуулуктармагынын" тейлөөсүндөгү жана балансындагы бардык ЖЭБдин чыгышындагы температура 35 градустан 67 градуска чейин жеткен жүгүртүү режимине кошулду.

Ошондой эле ЖЭБтеги окуя боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, окуянын ар кандай себептери каралып жаткандыгы тууралуу маалымат берилди", - деп айтылат маалыматта.

Акылбек Жапаров андан соң ыкчам штабдын отурумун өткөрдү, анда мындан аркы калыбына келтирүү иштеринин деталдары каралды. Министрлер кабинетинин башчысы окуя болгон жерде коопсуздук чараларын сактоого өзгөчө көңүл буруп, калыбына келтирүү иштерине тартылган жумушчуларга кошумча төлөмдөрдү берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, борбор калаанын мэрине жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна жаңы абоненттерди борбордук жылуулукка кошууга тыюу салуу, ошондой эле бул маселенин үстүндө иштөө борбордун райондорунда жылуулук менен камсыздоонун альтернативалуу кошумча булагы боло турган автономдуу локалдык отканаларды куруу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле ал өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген коңшу мамлекеттердин жетекчилигинин колдоосуна токтолуп, учурдан пайдаланып аларга ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: