Кечээ, 3-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 870 адам, 43 техника тартылды.
Анын ичинен ӨКМден 133 куткаруучу, 17 техника, 6 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 12 жылыткыч, 10 чатыр.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө.
ЖЭБдин имаратын жылуулоо максатында 50 000м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда. ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши жүрүүдө. Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.
Жеринде мындан сырткары жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 405 кызматкер, 21 техника жана курулуш компанияларынан 338 куруучу, 5 техника ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүдө.
Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга 870 адам тартылды




Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.